Урмат Самаев бюджетке кайтарган 25 миллион сомду кайдан алган?
RU

Урмат Самаев бюджетке кайтарган 25 миллион сомду кайдан алган?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, эми Токмок шаарынын мурдагы мэри аталган Урмат Самаев СИЗОдон бошотулган. Ал мамлекетке 25 миллион сом компенсация төлөгөн. Самаев күнөөсүн моюнга алуу боюнча тергөө органдары менен келишим түзүп, мамлекетке келтирилген зыянды кайтарган.

Эске салсак, Самаев "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелген. Кеп Токмок шаарынын жеке менчик үйлөрүнүн борбордук жылуулук магистралына мыйзамсыз кошулган фактылары тууралуу болуп жатат. Анда түшкөн акчанын бир бөлүгү мэрге которулганы айтылган. Буга чейин "Токмок жылуулук" ишканасынын үч кызматкери кылмыш ишинин алкагында кармалган, алар мамлекетке 130 миллион сом зыян келтирген деп айыпталышкан.

Kaktus.media мурдагы чиновниктин декларациялары менен таанышты

2016 - жыл

2016-жылдагы декларацияда Самаевдин расмий кирешеси 593 миң сом деп көрсөтүлгөн. Ал 100 чарчы метрлик үйгө ээ жана 100 пайыз үлүшкө ээлик кылган компаниясы бар. Жакын тууганынын батири бар. Самаев "Факт.kg" гезитине берген маегинде айыл чарбасы менен алектенерин, ага 300-400дөй адам иштеп жатканын айткан.

2017 - жыл

Расмий киреше 670 миң 780,1 сомду түзсө, чыгашалар бир топ жогору – 9,1 миллион сомду түзгөн. 100 чарчы метр үй белгиленген. Ошондой эле 7 млн ​​сомдук малы – жылкысы, ири жана майда малы бар. Ошондой эле Самаев "ОДА Тынай-Секьюрити" ЖЧКсынын 100% үлүшүнө ээ.

Жакын туугандарынын батири 50 чарчы метр жана чыгашалар 1 млн.

2018-жыл

Киреше жана чыгаша төмөндөгүдөй болгон: эмгек акы 674 миң 594,23 сом, чыгашалар 5 миллион сом. Ошондой эле 12 млн сомдук мал бар экендиги жана "ОДА Тынай-Секьюрити" ЖЧКсынын 100% үлүшү тууралуу маалымат берген.

Туугандары 2018-жылы эч нерсе тапкан эмес, короткон да эмес. Алар бир эле батирге ээ экени жазылган.

2019-жыл

Мүлккө жаңы эч нерсе кошулган эмес, бирок буга чейинки батири жазылган эмес. Киреше – 672 миң 618 сом. Ал эми чыгашалар 3 миллион сомду түзгөн. 2019-жылы Самаевдин 16,5 миллион сомдук малы болгон.

2020-жыл

Самаевдин айлыгы 576 миң 766 сом 2 тыйынды түзгөн. Анын чыгашасы болгон эмес. Активдердин ичинде компаниянын 100% үлүшү жана 16,5 миллион сомдук малы болгон. Туугандары 50 чарчы метрлик батирге ээ. Аладрдын эч кандай киреше жана чыгашасы жазылган эмес.

2021-жыл

Айлык акысы 477 миң 396 сомду түзсө, 47,5 чарчы метр аянтты ээлеген турак-жай имараты пайда болгон. Жылкы, ошондой эле бодо мал жана майда мал 16,5 миллион сом суммасында белгиленген. Туугандары батирдин кимге таандык экендиги боюнча гана маалымат беришкен.

Ошондо келтирилген зыянды жылкыларды жана малды сатуу жолу менен калыбына келтиргенби? Бирок расмий киреше булактары зыяндын ордун толтурууга жетпейт. Ошол эле учурда жылкылардын, уйлардын жана койлордун жалпы чыгымы да бул каражатты ошол замат кайтарууга мүмкүндүк бермек эмес.

Балким, жооп Мамлекеттик салык кызматы коомчулукка жарыялай элек 2022-жылдагы кирешелер жөнүндө отчётто.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12007