Ушул айда бензиндин баасы кымбатташы мүмкүн
RU

Ушул айда бензиндин баасы кымбатташы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үстүбүздөгү жылдын май айында бензин 1,5-2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы маалымдады.

Белгилүү болгондой, Россияда бензинге болгон дүң баа жыл башынан бери 35 пайызга жогорулаган.

Кымбаттоого бир нече жагдайлар себеп болуп жатат:

  • Батыш мамлекеттеринин Россия мунайынын баасына чектөө койгондуктан сырьёну казып алуу кескин кыскарды. Анын кесепетинен мунай азыктарын өндүрүү азайып, бензиндин баасы өсүп жатат;
  • Жаз айларында Россиянын мунайды кайра иштеткен заводдору пландык профилактикалык оңдоо иштерин баштагандыктан рынокто мунай азыгы азая түшөт;
  • Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмуна мүчө мамлекеттер майдан тарта мунайды өндүрүүнү кыскартуу чечимин кабыл алган;

Ал эми дизель майына болгон баа жыл башынан бери эле жогорку деңгээлде сакталып турат.

"Буга Россия майды Кытай, Индия, Монголия сыяктуу өлкөлөргө дагы экспорттоп жатканы себеп болууда", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12015