Ташиев Жалал-Абад ОИИБине жаңы унаа тапшырды. Видео
RU

Ташиев Жалал-Абад ОИИБине жаңы унаа тапшырды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абаддагы "Телтору" ат майданында көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтүүдө. Спорттук иш-чара милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-май - Жеңиш күнүн утурлай уюштурулган.

Ат оюндарына күбө болгон УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өздүк курамдын атынан мелдештин байге фондуна 1 млн сом берди. Андан тышкары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жаңы унаа тапшырды.

"Молдомуса Конгантантиев өзүнүн атын жазып кетти. Бүгүнкү мелдешке УКМКнын өздүк курамы Молдомуса Конгантиевдин атынан деп Жалал-Абад ОИИБине унаа тапшырабыз", - деди Ташиев.

Жалал-Абад ОИИБден Kaktus.kg сайтына билдиргендей, башкармалыкка 2023-жылы чыккан Toyota Corolla унаасы берилди. Ташиев унаанын ачкычын башкармалыктын жетекчиси Жеңишбек Абитовго тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12021