Бишкектин быйылкы бюджети 18 миллиард сомду түзөт
RU

Бишкектин быйылкы бюджети 18 миллиард сомду түзөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-майда Бишкек шаардык кеңеши сессиянын жүрүшүндө борбор калаанын 2023-жылга толук жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитти.

Бюджетти кабыл алууга катышкан 33 депутат добуш берди.

Анын киреше бөлүгүнүн болжолу 18 миллиард 390 миллион сомду түзөт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын бюджети чыгашалар кирешелердин суммасына жараша пландаштырылган:

  • 7 млрд 333 млн 408 миң сом - шаардык бюджет;
  • 2 млрд 998 млн 507,9 миң сом - Ленин районунун бюджети;
  • 2 млрд 565 млн 461 миң сом - Октябрь районунун бюджети;
  • 2 млрд 931 млн 156 миң сом - Биринчи Май районунун бюджети;
  • 2 млрд 562 млн 454 миң сом - Свердлов районунун бюджети.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12023