"Министр кетсин!" Бишкекте Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат
RU

"Министр кетсин!" Бишкекте Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-апрелде ИИМдин имаратынан алдында Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат.

Акциянын катышуучулары эмне үчүн бийлик блоггерлерди бир нече саатта табышат, ал эми ала качкан кызды бир нече күн таппай убара болушту, деп нааразы болуп жатышат. ИИМдин алдына 300дөн ашык киши чогулду, эл улам көбөйүп жатат.

Митингге чыккандар "Коопсуз шаар" көзөмөл камералары пайдасыз, деген пикирде.

Митингде ырчы Кайрат Примбердиев жана депутат Наталья Никитенко чыгып сөз сүйлөштү.

Наталья Никитенко бул көйгөй укук коргоочу органдардын эле жоопкерчилиги эмес, коомдун аң сезиминин да жоопкерчилиги, деп белгиледи.

"Зомбулук жана ала качуу эч качан биздин коомубуздун салты болгон эмес. Биз өлкөбүздүн ар бир жаранына жеткиришибиз керек, ала качуу - бул кылмыш", - деп Никитенко баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1203