Садыр Жапаров №77 мектепте диндердин өнүгүү тарыхы боюнча сабакка эскертүүсүз келди
RU

Садыр Жапаров №77 мектепте диндердин өнүгүү тарыхы боюнча сабакка эскертүүсүз келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-майда Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы №77 орто мектепте диндердин өнүгүү тарыхы боюнча сабакка катышты. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, бул сапар эскертүүсү жок жана күтүүсүз болду.

Бул сабак мамлекет башчынын демилгеси менен өткөн жылдын сентябрь айынан тарта окуу планына киргизилген.

Садыр Жапаров сабактын жүрүшүнө, жаңы предметти окутуунун методикасына, окуучулардын бул багыттагы билим деңгээлине көз салды. Президент ошондой эле окуучулар менен баарлашты.

Садыр Жапаров окуучулар менен болгон баарлашууда ал предмет өсүп келе жаткан муундарга жана жаштарга дин, анын тарыхы, маданияты жана адамзаттын жашоосундагы, руханий-адептик чөйрөсүндөгү ролу жөнүндө объективдүү илимий билимдерди бериши керектигин белгиледи. Ал салттуу диндердин баалуулуктары тууралуу билим бүгүнкү күндө суроо-талапка ээ болуп жатканын, анткени ар кандай кыймылдар өз катарына тартуу үчүн ар кандай каналдар аркылуу, өз маалыматын активдүү жайылтып, аны диний баалуулук катары өткөрүп жатканын түшүндүрдү.

Президент ар кандай радикалдык диний агымдарга аралашууну болтурбоо үчүн өсүп келе жаткан муунга дин тууралуу туура маалыматтарды жеткирүү маанилүү экенин, мектептеги сабак жаштар арасында дин жөнүндө туура түшүнүктү калыптандырууга эле жардам берерин белгиледи.

Түшүндүрмө

"Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети гуманитардык билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Анын программасы менчигинин түрүнө жана формасына карабастан Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн иштелип чыккан. Келечекте аны 7-8-класстардын окуу планына киргизүү демилгеленип жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12046