Дин эркиндиги боюнча эл аралык комиссия Тажикстанга санкция салуу сунушун берди
RU

Дин эркиндиги боюнча эл аралык комиссия Тажикстанга санкция салуу сунушун берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Эл аралык дин эркиндиги боюнча комиссиясы (USCIRF) мамлекеттик департаментке диний эркиндиктин жетишсиздигинен Тажикстанга кысым көрсөтүүнү, керек болгон учурда санкция салууну сунуштады.

Уюм дүйнөдөгү диний укуктардын сакталышы боюнча жарыялаган баяндамасында акыркы бир жылда дүйнөдө дин тутуу жана башка ишеним эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени айтылат.

Комиссия 17 өлкөнү дин тутуу эркиндиги боюнча "өзгөчө тынчсыздануу жараткан мамлекеттер" катары көрсөтүүнү сунуштады. Ал өлкөлөрдүн катарында Тажикстан дагы бар. Аталган сунуш тажик бийлиги дин жана ишеним эркиндигине болгон укуктардын бузулушуна жол берип жатканы менен түшүндүргөн.

Баяндаманын авторлору Тажикстанда дин тутуу эркиндигинин абалы кейиштүү экенин айтып, өкмөт мусулмандарды репрессиялоону улантып жатканын белгиленген.

Анда18 жашка чейинки балдарга мечиттерге барууга тыюу салынганы айтылган.

"Диний билим алуу мүмкүн эмес, ажылыкка баруу үчүн жаш куракка чектөө киргизилген, аялдарга мусулманча кийим кийүүгө, эркектерге сакал коюуга уруксат жок, 2014-жылдан бери мечиттерде бийлик менен макулдашылган насааттар окула баштаган", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12053