Садыр Жапаров Бишкектеги Дене тарбия академиясына барды
RU

Садыр Жапаров Бишкектеги Дене тарбия академиясына барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-майда президент Садыр Жапаров Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына барды.

Мамлекет башчысы академиянын учурдагы абалы менен таанышып, футбол жана жеңил атлетика аянтчасын, машыгуу залдарын, ачык спорт аянтчаларын көрүп чыгып, академиянын спорттук базалары менен таанышты.

Мамлекет башчысына жеңил атлетика, футбол, күрөш, стол тенниси боюнча машыгуу процессин өткөрүүгө арналган манеж академиянын студенттери жана башка масштабдуу иш-чаралар үчүн 1976-жылы пайдаланууга берилгени айтылды. Бүгүнкү күндө анын абалы заманбап санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт, спортчуларды даярдоо үчүн заманбап тренажерлор жок, арена кейиштүү абалда.

Буга чейин бул жерде оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Президент Садыр Жапаров академиянын футбол жана жеңил атлетика аянтчасын толук капиталдык оңдоодон өткөрүүгө каражат таап, жаңы окуу жылынын башталышына чейин аянтча заманбап талаптарга жооп берип, студенттер үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 1990-жылдардын башында жогорку билимди Дене тарбия академиясында машыктыруучу адистиги боюнча алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12057