Президент эл алдына чыгып жооп берсин
RU

Президент эл алдына чыгып жооп берсин

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Учурда ИИМдин алдында Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат. Митингге келгендер ИИМ министринин отставкага кетүүсүн талап кылып жатышат.

Митинге катышкан активист Улан Үсөйүн сөз алып, "Президент, өкмөт башчысы эл алдына чыгып жооп берсин! Ал бардык жоопкерчиликти мен алам, башым менен жооп берем деп убада берген болчу!, - деди.

Андан кийин митингге келгендер өкмөт үйүнүн алдына жөнөп митингди улантышмай болушту. Алар өлкөнүн президенти Садыр Жапаров өзү эл алдына чыгуусун талап кылышат.

Эске салсак, 5-апрелде Бишкекте үч эркек киши 27-жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкен. 7-апрелде анын жана аны ала качкан Замир Теңизбаевдин сөөктөрү Бишкектен алыс эмес Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадан табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1205