Гүлжайна Атаканова тармактык бизнестен канча акчага күйгөнүн, ким жардам бергенин айтты
RU

Гүлжайна Атаканова тармактык бизнестен канча акчага күйгөнүн, ким жардам бергенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Куудул Гүлжайна Атаканова тармактык маркетингге аралашып, аягы кандай аяктаганын айтып берди. Ал ALMA MEDİA YouTube каналына берген маегинде өзү да күйгөнүн, бул тармакка аралашуусу

"Тармактык бир бизнеске аралашып, 4 эле ай иштедим. Биринчи жолу аралашкандыктан, жакшы билчү эмесмин. 15 миң сом берип товар аласың, артыңдан эки кишини ошол тармакка тартып келесиң дешсе оңой ойлогом. Муну суншутаган кыздын шагын сындырбай, үмүт кылып келсе, ушул адамга пайдасы тийсе макул деп жазылып койгом.

Кийин айрымдар ал тармактык бизнести "Гүлжайна ачты" дегенге чейин барышты. Баарына эле түшүндүрө албайт экенсиң. Жакшы эле кыйналдым. Азыр мындай иш такыр болбойт деп эле айтам. Башындагылар иштейт, акыркылары жөн эле күйөт. 5 миң сом болсо да салбагыла, андан көрө азык-түлүк алгыла", - дейт куудул.

Өзүм да алданып калдым деген куудул абалдан чыгууга ата-энеси, бир туугандары, курбусу жардам бергенин айтат.

"Ал убакта эмнеге мен ушунча миллион дооларга күйдүм деп кабыл албай жаткам. Ошондо ата-энем, бир туугандарым моралдык жактан жардам беришти. Жайна деген курбум материалдык жактан жардам берип, абалдан алып чыкты. Мен мүлкүмдү жоготуп алмакмын, ошондо мага бир үйдүн акчасын берди. Чынында күткөн эмесмин. Абдан ыраазымыназын", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12064