ЖКнын төрагасы Бакиевди реабилитациялоону сурандыбы? Басма сөз катчыдан расмий жооп
RU

ЖКнын төрагасы Бакиевди реабилитациялоону сурандыбы? Басма сөз катчыдан расмий жооп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Нурланбек Шакиевдин 2022-жылдын апрель айында Курманбек Бакиевди реабилитациялоо өтүнүчү менен башкы прокурорго кайрылган катынын сүрөттөрү тарады.

Катта Жалал-Абад облусунун тургундары Шакиевден "Бакиевдин атын калыбына келтирип", аны реабилитациялоону суранышканы айтылат. Ал кезде Шакиев спикерлик кызматты ээлей элек болчу.

Катта "Кыргызстандын жетекчилиги саясий элитанын ортосундагы ынтымакка жана тынчтыкка кызыкдар" деп айтылат.

Парламент спикеринин басма сөз катчысы социалдык тармактардагы кат жасалма экенин жана Шакиевден андай кайрылуу болбогонун билдирди.

"Айрым маалымат каражаттарына жана интернеттеги баракчаларда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тарабынан фракция лидери кезинде жазылды деген жалган каттын сүрөтү тароодо.

Каттын номери, андагы Курманбек Бакиев тууралуу айтылган сунуштар жана аягында коюлган кол дагы жасалма экенин белгилейбиз. Айрыкча, чыгыш номуру 6-6651/22 болгон кат эч кандай базада жок.

Тилекке каршы, технологиянын өнүккөн мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес багытта пайдаланып, жасалма документтерди жасоо жана жашыруун булактар аркылуу жалган маалыматтарды таратуу адатка айланганы өкүндүрөт. Андыктан төраганын атын булгоо максатында ушундай жалган маалыматтарды таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан карманууга чакырабыз", - Алтынбек Деркембаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12078