Боомдо төрт күн бою жол маал-маалы менен жабылат
RU

Боомдо төрт күн бою жол маал-маалы менен жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10-13-май күндөрү Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 131-чакырымында коркунуч жараткан таштар атайылап түшүрүлөт.

Күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин жолго маал-маалы менен чектөө кирип, транспорт бир тилке менен гана өтүп турары айтылды.

"30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет. Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалып жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12087