Боом капчыгайындагы өрт өчүрүлүп жатат
RU

Боом капчыгайындагы өрт өчүрүлүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Балыкчы унаа жолунун Боом капчыгайындагы өрт өчүрүлүп жатат. Өрт тууралуу билдирүү саат 14:01де түшүп, 1 өрт өчүрүү бөлүм чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат, ага ӨКМнын кызматкерлеринен тышкары токой кызматынын 15 жумушчусу, милиция кызматкерлери жана "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери катышууда. Өрттүн аянты болжол менен 10 гектарды түзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12093