Эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат
RU

Эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу Жеңиш күнүнө карата 9-майда Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат. ИИМден билдиришкендей, "Өлбөс полк" жүрүшүнө байланыштуу көчөлөр эртең мененки саат 08:00дөн тарты, 11:00гө чейин убактылуу жабылат.

Ага ылайык:

  • Байтик Баатыр көчөсү түндүктү көздөй А.Токомбаев көчөсүнөн тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Фрунзе көчөсү күн чыгышты көздөй, Ю.Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Чүй кең көчөсү күн чыгышты көздөй Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Аталган көчөлөрдө жөө жүрүш учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бардык жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздашат деп белгилешти министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12098