Жолдошбек Көлбаев Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визерди тосуп алды
RU

Жолдошбек Көлбаев Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визерди тосуп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти, дзюдо боюнча 7-дан кара курдун ээси Мариус Визер мырза Бишкекке келди. Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Мариус Визерди эл аралык "Манас" аэропортунда тосуп алды.

Белгилей кетсек, Мариус Визер мырза Кыргызстанга дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына, Кыргызстандын дзюдо академиясынын ачылышына катышуу үчүн келди.

Эске салсак, 6-апрелден бери Бишкек шаарында дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өтүп жатат. Бүгүн мелдештин алкагында акыркы беттештер өтөт. Ал эми эртең командалык салгылашуулар жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1209