Путин Түркмөнстандын президентин Москвага Жеңиш майрамына чакырды
RU

Путин Түркмөнстандын президентин Москвага Жеңиш майрамына чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду Москвада өтө турчу Жеңиш майрамына чакырды. Мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөнүн РИА Новости жазып чыкты.

"Сердар Бердымухамедов жана Владимир Путин бири-бирин келе жаткан Жеңиш күнү менен кызуу куттуктап, эки өлкөнүн элине тынчтык, өсүп-өнүгүүнү каалашты. Бердымухамедов жалпы тарыхта Улуу Ата мекендик согуштун, фашизмди жеңүүнүн орду чоң экендигин белгиледи. Ал Түркмөнстан дагы Россиядагыдай эле каардуу жылдарда согуш талаасында салгылашкандардын жана тылда тынымсыз эмгектенгендердин эрдигин, баатырдыгын унутпай эскеришерин белгиледи. Бердымухамедов согуштун катышуучулары өз өмүрлөрүн аябай жеңиш үчүн күрөшкөнүн айтып, Түркмөнстан согуш ардагерлерине сый-урмат менен көңүл буруп келерин кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Путин түркмөн кесиптешин Москвада уюштурулуп жаткан салтанаттуу иш-чарага катышууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12100