Бишкекте "Өлбөс полктун" жүрүшү өттү
RU

Бишкекте "Өлбөс полктун" жүрүшү өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерүү максатында "Өлбөс полктун" жүрүшү өттү. Жөө жүрүш борбор калаанын Түштүк дарбазасынан башталып, борбордук көчөлөр аркылуу Жеңиш аянтына чейин барды.

Жөө жүрүшкө байланыштуу айрым борбордук көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу жабылды.

Эске салсак, "Өлбөс полк" акциясы биринчи жолу Бишкекте 2014-жылы өткөн.

Бийликтин маалыматы боюнча, согуш жылдарында Кыргызстандан 365 миң адам фронтко тартылса, анын 114 миң 900гө жакыны каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12118