Акылбек Жапаров Ош шаарындагы "Өлбөс полктун" жүрүшүнө катышты
RU

Акылбек Жапаров Ош шаарындагы "Өлбөс полктун" жүрүшүнө катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата "Өлбөс полктун" жыйын-реквиемине жана жүрүшүнө катышты. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.

Андан ары Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана тыл эмгекчилерин Жеңиш күнү менен куттуктады. Акылбек Жапаров белгилегендей, Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлеринин эрдигинин жана баатырдыгынын, тылдагы адамдардын күжүрмөн эмгегинин аркасында "биз ачык асман алдында жашоого мүмкүнчүлүк түзүлдү".

"Кыргызстандан согушка кеткен 360 миң жоокердин 100 миңден ашыгы кайтпай калган. 70тен ашуун жоокер Советтер Союзунун Баатыры болду. Эч ким, эч нерсе унутулбайт!", - деди Акылбек Жапаров. Ошондой эле төрага Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо Баткен облусунда каза болгондорду да эскерди.

Жапаров белгилегендей, быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине 100 миң сомдон бир жолку жардам бөлүнөт. Мындан тышкары, аларга айына 10 миң сом өлчөмүндө өмүр бою президенттик стипендия, айына 7 миң сом өлчөмүндө компенсация, 10 миң сомго чейин пенсия берилди.

"Жерибизде ар дайым тынчтык, ынтымак болсун! Ардагерлерибизге ден соолук каалайм. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!", - деп Акылбек Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин башчысы "Өлбөс полктун" жүрүшүндө чоң атасынын байкеси Токтобек Айдаровдун портретин көтөрүп басып өттү. Ал фронттон үч бир туугандын ичинен жалгыз тирүү келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12120