Акыркы он күндө Боом капчыгайында үчүнчү ирет өрт чыкты
RU

Акыркы он күндө Боом капчыгайында үчүнчү ирет өрт чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Боом капчыгайында кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өрт Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 157-чакырымында 9-май күнү эртең менен чыкты. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган: саат 08:45те өрт локализацияланып, эки сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, бул акыркы он күндө ушул эле жердеги үчүнчү өрт. Буга чейинки өрт 7-майда болгон - анда өрттүн аянты 10 гектарды түзгөн. Ушул эле жерде 26-апрелде дагы өрт чыккан.

Ушул жылдын март айында аталган аймакта чоң өрт чыккан - Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар кандай оордуктагы кеминде төрт окуяны каттаган. Мындай өрт эмнеден улам келип чыкканын ведомство тактаган жок. Бирок болжолдуу түрдө, буга адам фактору себеп: машинелердин айдоочулары менен поезддин жүргүнчүлөрү өчпөгөн тамекинин калдыктарын жолдун четине ыргытышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12122