Москвадагы Жеңиш парады Садыр Жапаровдун сүрөтчүсүнүн көзү менен
RU

Москвадагы Жеңиш парады Садыр Жапаровдун сүрөтчүсүнүн көзү менен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Россия Федерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында ардактуу конок катары Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга катышты.

Салтанаттуу маршка 30 параддык бөлүктө 8 миңден ашык аскер кызматкерлери жана 125тен ашык аскердик техника катышты.

Жеңиш парадынын соңунда президент Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери, ошондой эле делегация башчылары жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Александр багындагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүндө жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим кылып, гүл коюшту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12125