Бишкекте 9-майга карата митинг-реквием өттү
RU

Бишкекте 9-майга карата митинг-реквием өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор калаанын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата митинг-реквием өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, тыл кызматкерлери, эмгек ардагерлери, ошондой эле Бишкек шаардык аскер гарнизонунун аскер кызматчылары жана жарандар катышты.

Иш-чаранын катышуучулары курман болгондорду эскерип, Өчпөс отко гүл коюшту.

Андан ары ардагерлер үчүн салттуу талаа ашканасы уюштурулду - жоокердик ботко менен жыл сайын майрамда даярдалчу дасторкон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12127