Жеңиш күнүнө арналган республикалык көк бөрү мелдешинде "Достук" утту
RU

Жеңиш күнүнө арналган республикалык көк бөрү мелдешинде "Достук" утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көк бөрү оюну боюнча "Жеңиш кубогу - 2023" республикалык мелдеште Оштун "Достук" командасы баш байгеге ээ болду.

Финалдык оюнда "Достук" Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы менен беттешип, 9:3 эсебинде утту.

Мелдеш Жалал-Абад облусундагы "Телтору" ат майданында өттү.

Жогорку лигада үчүнчү орунду Таластын "Ынтымак" командасы жеңди.

Турнирдин мыкты оюнчусу наамын "Достуктун" оюнчусу Манас Ниязов алса, мыкты аргымак деп "Сары-Өзөн" командасынан Мельбург табылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12128