Садыр Жапаровдун Россияга болгон расмий сапары аяктады
RU

Садыр Жапаровдун Россияга болгон расмий сапары аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына 7-9-майда болгон расмий сапары аяктады. Президенттин администарциясынан кабарлашкандай, өлкө башчы 9-майда Бишкекке келди.

Иш сапардын биринчи күнү Садыр Жапаров Москвада 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган Ржев мемориалды ачып, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын федералдык жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Расмий сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Россиянын федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Расмий сапардын акыркы күнүндө мамлекет башчы Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеёв менен жолугушту. Өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы менен келечегин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн чараларын талкуулашты.

Андан кийин Садыр Жапаров ардактуу конок катары Кызыл аянттагы аскердик парадга катышып, Москванын Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган иш-чаралардын соңунда Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12134