"Силер ЛГБТсыңар, салтка каршы чыгып жатасыңар". Митингге чагымчылдар келишти (видео)
RU

"Силер ЛГБТсыңар, салтка каршы чыгып жатасыңар". Митингге чагымчылдар келишти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-апрелде, Айзада Канатбекованын уурдалышына жана өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп ага 300дөн ашык жаран катышкан. Митингге чагымчылдар да келишкен. Эки аял "бул жака жалаң ЛГБТнин өкүлдөрү келип алып, салтка каршы чыгып жатышат" деп кыйкыра башташкан. Митингге келгендер алардын бирин таанып, ар дайым түрдүү митингдерге катышып, чагымчылдык жасайт, деп айтышты.

Катышуучулар "Проввокаторлор, жоголгула!", - деп аларга кыйкыра башташкан.

Силер ар бир митингге келип алып, аны үзгөнгө аракет кыласыңар. Бир сом үчүн жаныңарды сатканга даярсыңар, деп митингчилер аларды айыпташты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1213