Парламент "Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү таратуу сунушун четке какты
RU

Парламент "Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү таратуу сунушун четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш 10-майдагы жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун четке какты.

Буга чейин парламенттин тармактык комитети дагы бул сунушту колдогон эмес.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан өткөн айда өкмөттүн курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушуна Министрлер кабинетинини Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы себеп болгонун айтышкан.

44-беренеде "пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат" деп белгиленет.

Бул маселе боюнча Министрлер кабинети Конституциялык сотко кайрылып, чечмелеп берүүнү өтүнгөн. Конституциялык сот 19-апрелде 44-берене "кынтыксыз аткарыла турган милдеттеме эмес" деп тапкан.

Өз кезегинде Адахан Мадумаров Министрлер кабинети өзү Конституцияны биринчилерден болуп сакташы керек деп сынга алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12146