3 адамдын өмүрүн алган кырсыкка себепкер айдоочу кармалды
RU

3 адамдын өмүрүн алган кырсыкка себепкер айдоочу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон. Кырсыкка шектелген айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Жалал-Абад ОИИБден кабарлашты.

Маалым болгондой, 28-апрелде болжол менен саат 14:50 чамасында Сузак районунун аймагында Daewoo Nexia жана Mercedes-Benz унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен Daewoo Nexia унаадагы 3 жүргүнчү каза болуп калган. Ал эми айдоочусу ооруканага жаткырылган.

Окуя боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши коголгон.

Анын алкагында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу - Сузак районунун 1990-жылы туулган Э.Н. аттуу тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12164