Баткенде курулуш компаниялары менен кызматташкан ишкерлер бийликке кайрылышты
RU

Баткенде курулуш компаниялары менен кызматташкан ишкерлер бийликке кайрылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-майда Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндө курулуш компаниялары менен кызматташып, бирок акчаларын ала албай калган баткендик ишкерлер чогулушту. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, топтолгондор курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө курулуш материалдарын жана азык-түлүктөрдү насыяга берип, акчасын ала албай жаткандыктарын айтышты.

Ишкерлер менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жолукту.

Бул маселе боюнча ишкерлердин арызы укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, териштирүү иштери башталды.

Буга чейин "Азаттык" сайты "Баткен шаарында облустук администрациянын алдына кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалда талкаланган үйлөрдү курган жумушчулар айлык маянасынан улам нааразычылык акциясына чыкты" деген маалымат жарыялаган. Өкүлчүлүктөн бул маалымат туура эмес экенин, кийинчерээк "Азаттык" басылмасы алгачкы жарыялаган кабарына толуктоо жана өзгөртүү киргизгенин билдиришти.

Сүрөт: "Азаттык" басылмасынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12173