Шакиев Мадумаров боюнча: Өз бетине өзү түкүрүп жатат
RU

Шакиев Мадумаров боюнча: Өз бетине өзү түкүрүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровдун Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышууну каалабайм деген билдирүүсүнө комментарий берди.

"Бир оратор келгиси келбей турганын айтты, бирок баары бир келди. Катышпайм деди, бирок баары бир катышты. Эки жүздүүлүктүн да чеги болот. Мындай учурларды белгилеш керек. Бийлигиңе түкүрдүм дейт, бирок өзү бир тармактык бийликтин мүчөсү, депутат. Демек өз бетине түкүрүп жатат. Канчалык ачуу болсо да чындыкты айтышыбыз керек", - деди Шакиев.

Эске салсак, буга чейин Мадумаров иш-чарага келгиси келбей турганын айтып, бирок ага карабай КР Конституциясы аткарылбай жатканын ачык айтуу үчүн келгенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12175