Россиянын түрмөсүнөн Украинадагы согушка тартылган дагы бир кыргызстандык каза болду
RU

Россиянын түрмөсүнөн Украинадагы согушка тартылган дагы бир кыргызстандык каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиядагы түрмөдөн "Вагнер" жеке аскердик компаниясы менен согушка кеткен дагы бир кыргызстандык Чыңгыз Изабеков каза болду. Бул тууралуу "Азаттык" жакындарына таянып жазды.

Белгилүү болгондой, маркум октябрда согушка тартылган. Туугандарына Изабековдун каза болгондугу тууралуу кара кагаз январда келген. Анын сөөгү Кыргызстанга алып келингенден кийин, 13-апрелде жерге берилген.

33 жаштагы Чыңгыз Изабеков Россияда "Тоноо" беренеси боюнча айыпталып камалган.

"Мен анын согушка кеткенин эч билген эмесмин, кийин түрмөдө чогуу отургандардан билип калдым. Буга чейин Кыргызстанга которуу аракетинен эч майнап чыккан эмес", - деген жакындарынын бири. Чыңгыз үй-бүлөдө улуусу болгон, ал кандай шартта, качан камалганы тууралуу башка маалымат айтылган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Россияда "Вагнер" компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган алты кыргызстандык каза болгону айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12177