1-апрелден баштап поликлиникалардагы кызматкерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлдү
RU

1-апрелден баштап поликлиникалардагы кызматкерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ЦСМ) кызматкерлеринин эмгек акылары 1-апрелден баштап 100 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Ал эми калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин эмгек акылары биринчи июлдан баштап 50 пайызга көтөрүлөт.

"Башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жана пенсия-пособиелерди жогорулатуу боюнча булактарды издеп жатабыз. Ушинтип четинен каржылоо булактарды таап, көтөрүп турбасак, баарын бир мезгилде көтөрүүгө бюджетибиз туруштук бере албайт экен.

Эмне үчүн биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлүп жатат деген суроо туулушу мумкун.

  • Биринчиден, албетте, медицина кызматкерлеринин иши абдан оорлоду.
  • Экинчиден, өлкө боюнча 3000 дарыгердин орду бош турат. Эмгек акынын аздыгынан кызматтан баш тартып кетишкен экен.

Ошол себептен шарт түзүп берүү жолу менен баарын кайтарып келишибиз керек", - деп Садыр Жапаров түшүндүрүп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1217