Пара алууга шектелген БШКнын мүчөсү Эшимовдун ишине Жогорку Сот чекит койду
RU

Пара алууга шектелген БШКнын мүчөсү Эшимовдун ишине Жогорку Сот чекит койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Сот пара алууга шектелген Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Акылбек Эшимовду күнөөлүү деп таап, ишке чекит койду. Бул туурасында Жогорку Соттон маалымдашты.

Кабарлангандай, Жогорку Соттун соттук коллегиясы Бишкек шаардык сотунун 2022-жылдагы өкүмүн күчүндө калтырды.

Жыйынтыгында Акылбек Эшимов күнөөлүү деп табылып, 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынды.

Эске салсак, экс-депутат, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Акылбек Эшимов 2021-жылы сентябрда кармалган. Ал 2020-жылдын күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо саясий уюмдан депутаттыкка талапкерлердин алдыңкы бештигине кирүү үчүн "Кыргызстан" партиясынан талапкер А.Досалиевден 550 миң доллар алган деп шектелген.

2022-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын эч жакка чыкпоо түрүнө көрсөтмөгө өзгөрткөн. Бирок 26-октябрда Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясы аны ушул "Алдамчылык" беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесине ылайык, үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынган.

Эшимов 2021-жылдын декабрында иштен кетүү тууралуу жазган арызын кайра чакыртып алганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12180