Коңшу өлкөгө 60 миң доллар алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды
RU

Коңшу өлкөгө 60 миң доллар алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандан Өзбекстанга дээрлик 60 миң доллар алып өтүүгө аракет кылган жаран чек арачылар тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашат.

Маалым болгондой, 11-майда "Достук" көзөмөл өткөрүү пунктунан 1994-жылы туулган Э.А. кармалды. Ал Өзбекстанга өтмөкчү болгон. Бажылык текшерүүдө анын жанынан 59 миң 100 доллар табылды.

Аты аталган жаран акчанын декларациясын көрсөтпөстөн, республиканын бажы мыйзамдарын кыйгап өтүүгө аракет кылган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана акча каражаттары кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12184