Мадумаров:Баш мыйзамдын бир дагы беренеси аткарылбай жатат. Аткарылса башыма көтөрүп жүрөм
RU

Мадумаров:Баш мыйзамдын бир дагы беренеси аткарылбай жатат. Аткарылса башыма көтөрүп жүрөм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-майда Жогорку Кеңеште 1993-жылдын 5-майында Кыргызстандын биринчи Конституциясынын кабыл алынышына арналган иш-чара өттү.

Депутат Адахан Мадумаров бул иш-чараны 5-майга чейин өткөрсө жакшы болмок деген оюн билдирди. "Эч болбогончо кеч болсун" деген принцип болуп жатышса керек", - деди ал. Эл өкүл кыргызда бир жакшы макал бар экенине токтолуп, кыргыз ошол макал менен жашаса - адилеттүүлүк өлкөдө мурун эле орномок деп белгиледи.

""Таянаарын болсобо, таамай сөздөн не пайда?". Таамай сөздөр парламенттин трибунасынан айтылат бирок, аткарылбайт. Дайым бийликке келген кишинин Конституциясы эң мыкты, эң керемет, кынтыксыз деп көкөлөтүп келдик туугандар, аксакалдар. Кайсыл Баш мыйзам боюнча референдум өткөндө туура эмес өттү деп айттык, айткылачы? Кайсыл конституциянын редакциясы бүгүнкү күнгө туура келбейт деп айттык, айткылачы? Шатыра-шатман кол чаап, керемет эле керемет, жашоо ордунда турбайт, бүгүнкү киргизген өзгөртүү накта элдин каалоосу деп келдик. Кеп конституцияда эмес. Кеп - коомдо жана коомду башкарган бийликте", - деди ал.

Мадумаров трибунага чыгып сөз сүйлөп жатып, АКШ 236 жылда Башы мыйзамына 27 жолу гана өзгөртүү-түзөтүү киргизгенин белгилеп, 32 жылда 10 жолу Кыргызстандын негизги мыйзамы өзгөргөнүн кошумчалап өттү.

"Англия Конституциясыз жашайт, Израилде Конституция жок, 12 мыйзам бар, мусулман өлкөлөрү Куран жана Хадистеген ылайык жашашат. Биздин кошунабыз Өзбекстан Баш мыйзамына 31 жылдан бери биринчи жолу өзгөртүү киргизди. Бул Орто Азиядагы эң өнүккөн мамлекет. Америкада Конституция 236 жылда 27 өзгөртүү киргизилип, ал жети эле беренеден турат. Биздин Конституция 116 беренеден турат. Эми бийлик бутактары кандай бөлүнүп, адам укуктары кандай корголуп жатканын салыштырып көргүлө",-деди Мадумаров.

Депутат Конституциянын 53-беренесинин 2-пунктуна токтолду, ага ылайык ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынгандан башка ар кандай аракеттерди жана иштерди жүргүзүүгө укуктуу.

"Конституциянын 53-беренеси: Ар бир адам Конституцияда жана мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай аракеттерди жана ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу. Ошол укук барбы Кыргызстанда? Көрсөткүлөчү? Жалгыз мен көрбөй калсам мени жетелеп барып көрсөткүлө. 53-берененин 3-пункту: Ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин , абийирин жана ар-намысын урматтоого милдеттүү. Ар-намыс сакталып атабы? 56-беренси: КРда Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруучу жана кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбайт. Бүттү. Мына Коституциялык соттун төрагасы отурат. Баш мыйзам эң жогорку юридикалык күч жана анын талаптары түздөн-түз иштетилиши керек. Бул талап. Бул менин талабым эмес. Ал мына бул Баш мыйзамда жазылган. Акылдуу кишилер кабыл алган Конституция жазылган. Анан эмнеге аткарылбайт? Бул менин Баш мыйзамым эмес.", - деп билдирди эл өкүлү.

Адилет сөзүн айтпаса ак сакалдан не пайда?

Адахан Мадумаров башка улуу ак сакалдар айтпаса, бул адилетсиздикти мен айтууга милдеттүүмүн деп билдирди.

"Кыйноолор, сабоолор болуп атат. А биз эч нерсе болбогондой ушул жерде отурабыз. Бүгүн да кыйноолор болуп атат. Биз кол чаап отурган мезгилде нечен-нечен байкуштар түрмөлөрдө айыпсыз жатат. Инсандын сот аркылуу күнөөсү мойнуна коюлмайынча , аны кылмышкер деп атоого тыюу салынат. А биз "бузуку, провакатор, чыккынчы, кылмышкер, ичи ирип кеткен" деген сөздөрдү кимдердин гана оозунан укпай атабыз? Мен бул жыйынга келбей эле койсомбу деп ойлогом. Бир эне-атанын балдарындай болуп отурганда көңүлдөрүн чөктүрбөй эле коеюн деген оюм бар эле. Кечээ, бул жыйын боюнча "эмне максатта, кандай форматта болот, эмне жыйынтык болот?", - деп сурасам, "сөзсүз жыйынтык болуш керекпи?", - деп жооп беришти. Жыйынтыгы жок жыйындын эмне кереги бар? Биз жыйынтык чыгарышыбыз керек. Ушул жерде ак сакалдар отурат. Ушул ак сакалдар оң-терс жерлерин айтыш керек эле. Биз "ушуну жакшы айтты, кооз айтты, укмуш" деп далай президентти узаттык го. Биз эртеси анан, чекилик кетиргенин, аралдын катасын айтабыз. А мен бүгүн айтам. Ушул кызыл китеп (Конституциядагы нормалар) сакталбай жатат! Бир дагы нормасы сакталбай жатат", - деп кайрылды мурунку, азыркы депутаттарга эл өкүлү.

Мадумаров ар бир жаран өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу бирок, азыр эл сүйлөгөндөн коркот деди.

"Балким мен башка дүйнөдө жашап жаткандырмын, кечиресиз. Бирок 5-май мен үчүн майрам эмес жана кубанычка себеп эмес. Кайда баратабыз бир Кудай билет. Эгерде бул кызыл китепте жазылгандардын баары аткарылса, мен аны башыма дайыма көтөрүп жүрүүгө даярмын", - деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12192