ИИМ: Ичип алып, автоунаа айдагандар эки айда 50%га азайды
RU

ИИМ: Ичип алып, автоунаа айдагандар эки айда 50%га азайды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө мас айдоочулардын саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 49,7,% азайды. Бул эки айдын жыйынтыгы тууралуу Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Маалым болгондой, былтыркы жылга салыштырмалуу мас абалында унаа айдагандар быйыл 720 адамга аз. Себеби, өткөн жылы ушул маалда 1448 айдоочу катталган.

Эске салсак, быйыл 8-марттан баштап жол эрежесин бузгандарга жаза катаалдаган.Үч жолу жолу кайталап жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. Мас абалында жол эрежесин бузгандар күбөлүгүнөн бир ажыратылат. Дагы кайталана турган болсо, айдоочу үч жыл боюу унаа айдай албай калат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12212