Милиция кызматкери саунада кыздар менен эс алды деген видео боюнча иликтөө башталды
RU

Милиция кызматкери саунада кыздар менен эс алды деген видео боюнча иликтөө башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө милиция кызматкеринин сауналардын биринде интимдик кызмат көрсөткөн кыздар менен жүргөнү тартылган видео боюнча текшерүү башталды. Бул туурасында Kaktus.media сайтына Чүй ОИИББден билдиришти.

Видеодон милициянын формасын кийген белгисиз адам жана анын жанында жарым жылаңач кыздар отурганын көрүүгө болот. Милиция кызматкери алар менен бирге Канттагы сауналардын биринде эс алганы айтылууда.

Облустук башкармалыктан кабарлашкандай, окуя 9-майда Ысык-Ата районунда болгон.

Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө башталганын, жыйынтыгы боюнча маалымат берилерин Чүй ОИИББден билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12213