Кыргызстандагы турак үйлөрдүн сейсмикалык туруктулуугун текшерген комиссия түзүлдү
RU

Кыргызстандагы турак үйлөрдүн сейсмикалык туруктулуугун текшерген комиссия түзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Бул туурасында Министрлер кабинетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, жумушчу комиссия Минкабдын тескемеси менен түзүлдү.

Мындай чечим Түркиянын аймагында болуп өткөн акыркы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын аймагында айрым процесстер жана кубулуштар активдешип кетиши мүмкүн.

Документке ылайык, ведомстволор аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагындагы көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү жана анын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетине маалымат берүү тапшырылды.

Мындай чечимге Акылбек Жапаров кол койду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12214