Төшөктө жаткан бейтапка толук кандуу кам көрүүдө кандай каражаттар керектелет?
RU

Төшөктө жаткан бейтапка толук кандуу кам көрүүдө кандай каражаттар керектелет?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Убактылуу камкордукка же төшөктө жатууга аргасыз болгон адамдар психологиялык жана физикалык жактан ыңгайсыздыкка туш болушат. Андай адамдын абалын жеңилдетүү жана өзүңүздү кыйынчылыктардан алдын алуу үчүн гигиеналык процедураларды туура уюштуруу абдан маанилүү.

Буга чейинки макалаларда урологиялык прокладкалар жана чоңдор үчүн памперс деген эмне, аларды тандоодо эмнеге көңүл буруу керектиги жөнүндө сөз кылганбыз. Төшөктө жаткан бейтап өзүн ыңгайлуу сезүүсүнө абсорбенттерден тышкары гигиеналык каражаттар да жардамчы боло алат.

Териге комплекстүү кам көрүү үч этапты камтыйт:

  • булганууну тазалоо;
  • атайын косметикалык каражаттардын жардамы менен регенеративдик функцияны кармап туруу;
  • азыктандыруучу жана жумшартуучу, коргоочу кремдерди колдонуу.

Косметика жана дене

Төшөктө жаткан бейтаптарды багуу учурунда суу жана самынды колдонууга дайыма эле уруксат берилбейт, кээде бул кыйынчылык жаратат. Мындай учурда атайын косметика жардамга келет - жуучу крем, көбүк жана денеге арналган майлыктар (салфетка). Бул каражаттар терини тазалап, сергитет, ошол эле учурда теринин табигый катмарын бузбайт жана аны зыяндуу таасирлерден коргойт, суу менен жууну талап кылбайт. Мындай каражаттардын курамында терини жумшартуучу жана нымдоочу, зааранын жытын нейтралдаштыруучу заттар бар. Адистер аларды жамбаштын айланасын тазалоодо сунушташат.

Атайын шампундар

Төшөктө жаткан бейтаптын башын жуу үчүн зарыл болгон витаминдер жана микроэлементтер менен байытылган атайын шампундарды колдонуу керек. Мындай каражаттардын бир нече түрү бар: суу менен жууганды талап кылган нымдаштыруучу шампунь жана чачты суусуз жуу үчүн көбүктүү шампунь. Эреже катары алар чачтын бардык түрлөрүнө ылайыктуу, баш теринин кычышуусун жоготуп, чачтын тамырларын азыктандырат жана табигый балансты сактайт.

Салфеткалар

Эгерде суу менен байланышкан процедураларды чектөө зарыл болсо теринин тазалыгын сактоого нымдуу салфеткалар жардамга келет. Бирок дүкөндөрдө сатылган кичинекей таңгактагы салфеткалар жарабайт. Бейтаптарга атайын салфеткалар чыгарылган. Ал теринин дүүлүгүп, кычышуусунан коргойт. Курамында парабен, спирт, синтетикалык заттар жок. Ал эми өлчөмү (20x30) колдонууга ыңгайлуу.

Жууп-тазалагандан кийин кам көрүү

Гигиеналык процедуралар бүткөндөн кийин тери кошумча кам көрүүгө муктаж болуп калат. Бул учурда бальзам, эмульсия жана денеге арналган суюк май жардам берет. Аталган каражаттар терини нымдайт, кургап, түлөп кетүүдөн алдын алат. Ал эми активдештирүүчү гель сезгендирүүчү процесстерден, теринин дүлүгүүсүнөн алдын алып, терини калыбына келтирүүгө шарт түзөт.

Узакка созулган басымдын натыйжасында тери жана ткандар жабыркап, жаралар пайда болот. Аларды коргоочу кремдер менен алдын алса болот. Курамы терини заарадан коргоо үчүн атайын компоненттерди камтыйт.

Seni Care төшөктө жаткандарга кантип жардам бере алат?

Бейтаптарга жогорку сапаттагы териге кам көрүү үчүн Seni соода маркасы Seni Care косметикасынын адистештирилген линиясын иштеп чыккан. Бул линиянын артыкчылыгы:

  • курамында табигый кошулмалар бар;
  • самын жок;
  • рНтин оптималдуу деңгээли = 5,5, бул теринин коргоочу функцияларын сактайт;
  • терини азыктандырууга жана тынчтандырууга таасир эткен активдүү элементтер (Е витамини, жүзүм данегинин майы, D-пантенол, зыгыр биокомплекси, карбамид ж.б.) бар;
  • зааранын жытын нейтралдаштыруу үчүн атайын Sinodor компонентин камтыйт.

Белгилүү бир аракеттерди күн сайын аткаруу жана Seni Care гигиеналык каражаттарды колдонуу бейтаптарга кыйынчылыксыз кам көрүп, ишиңизди бир топ жеңилдетет.

Каражатты туура тандоо жана кам көрүүнү уюштуруу боюнча кененирээк маалыматты http://seni.tradegof.kg шилтемесин басуу аркылуу таанышсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12218