УКМК Facebook колдонуучусун кастыкты козуткан деген шек менен кармады
RU

УКМК Facebook колдонуучусун кастыкты козуткан деген шек менен кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Facebook социалдык тармагындагы "Куба буба" аккаунтунун ээси этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козуткан деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, УКМК тарабынан 330-берене (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча текшерүү жүрүп, 1974-жылы туулган Баткен облусунун тургуну Асанов Кубанычбек Ташбалтаевич кармалды.

Ал Facebookтагы "Куба буба" аккаунтунун ээси, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты А.Мадумаровдун активдүү колдоочусу. Асанов системалуу негизде "Куба Буба" аккаунттары аркылуу жарандарды зордук-зомбулукка жана мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн материалдарды жайылтуу менен алектенгени аныкталган.

Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, К.Асановдун билдирүүлөрүндө улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле улутуна карата кастык мамиле бар.

Учурда К.Асанов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК жарандарды ар кандай антиконституциялык чагымдарга, социалдык тармактарда жек көрүүчүлүктү козутууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чакырыктарга алдырбоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12222