Улукбек Марипов: Жергиликтүү кеңешке шайлоо Шайлоо ачык-айкын өтүшү керек
RU

Улукбек Марипов: Жергиликтүү кеңешке шайлоо Шайлоо ачык-айкын өтүшү керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого жана референдумга даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

"Тийиштүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте 11-апрелдеги шайлоо процессинин жогорку деңгээлде уюштурулушун жана өткөрүлүшүн камсыздоосу керек. Шайлоо ачык-айкын өтүшү керек. Мурда кетирилген кемчиликтер кайталанбоого тийиш. Ушул күнү коомдук коопсуздук камсыздалып, шайлоо участокторунда электр жарыгы жана интернет өчүрүлбөшү керек. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, орнотулган эрежелерди жана ченемдерди сактоо боюнча ишти күчтөндүрүүнү өтүнөм. Тийиштүү мамлекеттик органдар мыйзам бузуу фактылары боюнча ыкчам жооп кайтарып, тийиштүү чараларды кабыл алуусу зарыл. Жарандардын добуш берүсү үчүн бардык шарттар түзүлүшү тийиш", - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү шайлоо процессине кийлигишпеши керек, административдик ресурсту пайдаланууга жол берилбөөгө тийиш.

Премьер-министр Улукбек Марипов мекендештерди 11-апрелде жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, акыл калчап тандоо кылууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1222