Медведев: Дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согушка жакындап калды
RU

Медведев: Дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согушка жакындап калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Киевдин америкалык жана европалык меценаттары ар кандай куралдар менен терроризмге үндөп жатышат. Алар чындыгында үчүнчү дүйнөлүк согушка алып баратат" деп билдирди Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Бул тууралуу Риа Новости жазды.

Медведев үчүнчү дүйнөлүк согуш башталса - эч ким жеңүүчү бол албай турганын кошумчалады.

"Албетте, биздин өлкөгө каршы кеңири масштабдагы гибриддик согуш башталганы айкын. Биздин душманды америкалык жана европалык колдоочулары ар кандай түрдөгү

куралдар менен камсыздап, Россиянын чек ара аймактарында терроризмге үндөп, саботаж жана саясий өлтүрүүлөрдү жасап жатышат. Алар маселени үчүнчү дүйнөлүк согушка, глобалдык катастрофага алып барышууда. Албетте, мындай глобалдык катастрофада жеңүүчү болушу мүмкүн эмес", - деди Медведев Санкт-Петербургдагы XI эл аралык юридикалык форумда.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Россия Федерациясы өзүнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, миллиондогон жарандарынын коопсуздугун коргоо үчүн атайын аскердик операция жүргүзүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12234