Күрөш боюнча балбандар Олимпиада лицензиясы үчүн күрөштү ийгиликтүү башташты
RU

Күрөш боюнча балбандар Олимпиада лицензиясы үчүн күрөштү ийгиликтүү башташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-апрелде Алматы шаарында (Казакстан) күрөш боюнча квалификациялык турнир башталды. Анда балбандар Японияда өтө турган Олимп оюндарына катышуу лицензиясы үчүн күрөшүшөт.

Белгилей кетсек, биринчи грек-рим стилинин балбандары күч сынашты. Жеңил салмакта, 60 кгга чейин өлкөнүн намысын Жоломан Шаршенбеков коргойт. Биринчи раундда кыргызстандык Түштүк Кореялык Ханджае Чунга менен беттешип, 6:2 эсеби менен жеңишке жетти. Ошону менен турнирдин жарым финалына чыкты. Эми Индиялык Гянендер Гянендер менен күч сынашат.

Ошондой эле 77кгга чейинки салмакта Акжол Махмудов Филиппиндик Рабие Халилди 11:0 эсеби менен жеңип, эми Индиялык Сингх Гурприт менен беттешет.

Белгилей кетсек, Олимп оюндарына лицензия алуу үчүн турнирдин катышуучулары финалга чыгуусу кажет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1223