Салык кызматкерлери контрабандалык күйүүчү майларды ташууга "крышалык" кылганга шектелүүдө
RU

Салык кызматкерлери контрабандалык күйүүчү майларды ташууга "крышалык" кылганга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күйүүчү майларды мыйзамсыз жүгүрткөндөрдү коргоп, жардам кылган деген шек менен Мамлекеттик салык кызматкерлери кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, салык кызматынын ЕАЭБдеги сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Б.Р.К., ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча эсепке алынбаган товарлар жана товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Н.Д.О. узак убакыт бою кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, республиканын аймагына күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып келүүчү жана сатуучу айрым ишкерлерге өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга көмөктөшүшкөн.

Ошентип республиканын түндүк облустарынан түштүк облустарына товарларды ташуу шылтоосу менен жеке фирмалар салык органдарында эсепке алынбаган күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенишкен. Ошол эле учурда аларга Мамлекеттик салык кызматынын "Сосновка" жана "Каракөл" көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтүү камсыздалган. Бул коррупциялык схемага колдоо көрсөткөндүгү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын аталган кызматкерлери күйүүчү-майлоочу майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон акча каражатын алып турушкан.

Андан тышкары Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов районундагы башкармалыгынын өзгөчө режим бөлүмүнүн башчысы А.Т.М. жана Жайыл району боюнча башкармалыктын салыктык текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору М.уулу Б. жасалма документтерин жасашып, түштүк аймактарга күйүүчү-майлоочу майларды жөнөтүү жана сатуу үчүн атайын пломбаларды тапшырышкан. Бул кызмат үчүн Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 5 миң сомдон алганы такталган.

Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар башка мамлекеттик кызматкерлерди аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз алып келген, сактаган жана контрабандалык жол менен ташып келген фирмаларга салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12240