Боом капчыгайында беш күн катары менен таш кулатуу иштери жүргүзүлөт
RU

Боом капчыгайында беш күн катары менен таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана билдиргендей, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында 15-19-май күндөрү жүргүзүлөт.

"15-19-май күндөрү саат 09:00 - 15:00 чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат. Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12243