17 жашар Альбина Бапиева табылды
RU

17 жашар Альбина Бапиева табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-апрель күну эртең менен мектепке чыгып кеткен Альбина табылды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына анын байкеси Асан Аттокуров билдирди.

Анын айтымында Альбина Бишкектин Ленин районуна табылды. Ал аман-эсен, бирок шок абалда.

"Ал жоголуп кеттим, деди. Андан башка эч нерсени түшүндүргөн жок", - деди Асан Аттокуров.

Эске салсак, Альбина 8-апрель күнү, эртең менен мектепке чыгып кеткен, бирок мектепке жеткен эмес. Акыркы жолу телефону Ош базарынын жанынан иштеп, андан кийин өчүп калган. Милиция кызматкерлери Альбина Жалал-Абадда жашаган атасыныкына кетип калган болушу мүмкүн, деп божомолдогон. Бирок, ал жака барбаганы аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1224