Базар-Коргондо сел жүрүп, 15 үйдүн короосун суу каптады
RU

Базар-Коргондо сел жүрүп, 15 үйдүн короосун суу каптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, сел 14- майга караган түнү саат 02:30 чамасында Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылында катталды.

Селдин кесепетинен Ат-Кол чегинен түшкөн суу арыктан ашып, 15 турак үйдүн короолорун каптаган.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жеринде айыл өкмөт кызматкерлери, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тактоо иштерин жүргүзүүдө. Базар-Коргон райондук куткаруучулары тарабынан короого толуп калган сууларды суу сордуруучу мотопомпа менен чыгаруу иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12250