Манасчылар Эл артисти Жолболду Алыбаевге тулпар мингизишти
RU

Манасчылар Эл артисти Жолболду Алыбаевге тулпар мингизишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, дастанчы Жолболду Алыбаевдин 75 жылдык мааракеси өттү. Кыргыз улуттук "Манас" театры салтка айланып келе жаткан аксакалдарга ат мингизүү саамалыгын улантып, залкар обончуга тулпар тартуулады.

Аталган саамалыкка Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат спорт жана жаштар министрлигинин орун басары Кайрат Иманалиев, замандашы белгилүү манасчы Назаркул Сейдирахманов жана ошондой эле театрдын жамааты катышып, жакшылыкка ортоктош болду.

Белгилесек, 13- май күнү Кыргыз улуттук филармониясында Жолболду Алыбаевдин 75 жашка толушуна карата чоң программадагы концерт өтүп, анда автордун жеке аткаруусунда, ошондой эле кыргыз элине белгилүү бир катар ырчылардын аткаруусунда ырлар ырдалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12257