"Айрымдар анализ тапшырууга үлгүрбөй калды". Нааразы болгон ата-энелерге оорукананын жообу
RU

"Айрымдар анализ тапшырууга үлгүрбөй калды". Нааразы болгон ата-энелерге оорукананын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media сайтынын Call-борборуна Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, нааразычылыгын айтты. Окурман Жал кичи районундагы балдар ооруканасындагы узун кезектен улам айрым балдар анализ тапшырганга жетишпей да калды дейт.

"Жалдагы ооруканага 15-майда анализ тапшырганы бардык. Кейиштүү көрүнүш болуп жатат. Санариптештирүү менен жетекчилердин уюштуруучулугундагы кемчиликтин жыйынтыгы ушул. Колуңдагы талонго карабай реалдуу кезекке туруу керек! Анализ тапшырууга мүмкүн эмес! Уюштуруу начар, жер-жерлерде балдар ооруканасы жетишсиз, аймактарда саламаттыкты сактоонун сапаты төмөн - жыйынтык ушул.

Саат 07:30дан 08:45ке чейин күттүк, аягында кабыл алынган жокпуз. Онлайн каттоо абалды чечмек, онлайн катталып коёсуң, болду. Бирок иш жүзүндө эч ким санарипке өткүсү келбейт, анткени баары каттоого алынат. Талондор – жөн эле кагаздар, чек жок, эч нерсе эмес!", – деп ачууланды ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул нааразычылык боюнча жооп берип, дарыгерлердин кабыл алуусун жөнгө салуу боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирди.

"Эне жана баланы коргоо улуттук борбору - үчүнчү даражадагы саламаттыкты сактоо уюму болуп саналат. Бирок бишкектиктер баштапкы баскычты кыйгап өтүп, ошол жерге түз кайрылышат. Амбулатордук кабыл алууга кайрылган бейтаптардын көпчүлүгү мындай адистештирилген жардамга муктаж эмес. Анализдерди жана башка диагностикалык процедураларды Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы баштапкы деңгээлде эле тапшыруу керек", - дешет Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун администрациясынын комментарийи

Аталган ооруканадан учурда консультациялык-диагностикалык жардам төмөнкү даректерде жайгашкан эки базада көрсөтүлүп жатканын эске салды: Ахунбаев көчөсү, 190, жана Тоголок Молдо көчөсү, 1.

"Жогорудагы бөлүмдөрдө бардык адистер штаттык графикке ылайык иштешип, ар бир бейтапты кезек менен тейлешет. Дем алыш күндөрү бизге кайрылгандардын саны көбөйүп, тилекке каршы, бейтаптардын көбү жолдомосуз, өз алдынча келишет. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүнчү даражадагы саламаттыкты сактоо уюму болуп саналат жана аймактардан келген оор абалдагы бейтаптарды кабыл алат. Биздин борборго амбулатордук жардам үчүн кайрылган бейтаптардын көпчүлүгү адистештирилген жардамга муктаж эмес. Алар бул жардамды жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан (ҮМБ) ала алышат. Бул биздин борборго кошумча жүктү артып, тиешелүү даттанууларды жаратат.

Биз консультациялык-диагностикалык каттоо бөлүмүндөгү бейтаптардын кезегин текшерүүнүн тартибин көзөмөлдөйбүз, ошондой эле талондун негизинде невропатологдорго жана башка адистерге алдын ала жазылууну жүргүзөбүз. Бирок өзгөчө кырдаалдарда жана тез жардамга муктаж бейтаптар алдын ала жазылбаса да кезексиз кароого алынат.

Биздин борбор сапаттуу жардам көрсөтүүгө багытталган жана биз абалды жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Саламаттыкты сактоо системасынын натыйжалуу иштеши үчүн Бишкек шаарынын жана Чүй районунун тургундары жашаган жери боюнча үй-блөлүк медицина борборлоруна алгачкы медициналык жардам үчүн кайрылуусу керектигине көңүл буруңуз. Бул биздин борбордун ишин илгерилетүүгө жардам берет жана адистештирилген жардамга муктаж бейтаптарга тезирээк жана эффективдүү кызмат көрсөтөт.

Биз узакка кезек күтүү ыңгайсыздык жаратып, бейтаптардын нааразычылыгын жаратарын түшүнөбүз. Бирок биз ар бир бейтапка кыска мөөнөттө квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө болгон күчүбүздү жумшайбыз. Саламаттыкты сактоонун эффективдүү жана ыңгайлуу системасын түзүүдөгү түшүнүгү жана кызматташуусу үчүн бардыгына ыраазычылык билдиребиз", - деп белгиледи балдар ооруканасынын администрациясы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12266