Ноокенде милиция кызматкери мылтык менен өзүн атып алды
RU

Ноокенде милиция кызматкери мылтык менен өзүн атып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда Ноокен райондук күзөт кызматынын милиционери өзүн атып алды. Окуя акча ташыган унаада (инкассация унаасы) болгон дешет Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүндөгү булактар.

Айтымдарында, бүгүн, 15-майда болжол менен саат 11:00дө Ноокен райондук күзөт бөлүмүнүн инкассация унаасында ок атылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкери кесиптештери менен акча чогултууга барганы белгилүү болду. 24 жаштагы милиционер кесиптештери имараттын ичине кирип кеткен учурда Калашников автоматы менен унаанын ичинде өзүн атып алган.

Бул окуя боюнча учурда териштирүү жүрүп жатканы кабарланды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: ТАСС/ Юрий Смитюк.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12269