Окуучулар кабылган автокырсык: GoBus`тун айдоочусу комадан чыкты
RU

Окуучулар кабылган автокырсык: GoBus`тун айдоочусу комадан чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мектеп окуучуларын алып бара жаткан автобус менен кагышкан GoBus микроавтобусунун айдоочусу комадан чыкты. Бул тууралуу Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын дарыгери Илимбек Манапов билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтапка операция жасоо үчүн даярдык көрүлүп жатат.

"1993-жылы туулган Анвар Аскарбеков комадан чыгып, бүгүн травматология бөлүмүнө которулду. Абалы канааттандырарлык, бир аз сүйлөп калды. Учурда бейтапты жамбаш сөөктөрүнө операция жасоого даярдап жатабыз", - деди Манапов.

Буга чейин ушул жол кырсыкта катуу жабыркаган окуучу да комадан чыккан.

Эске салсак, 20-апрель күнү саат 11:30дар чамасында кенже класстын балдары автокырсыкка кабылган. "Манас" аэропортуна кетип бараткан жолдо Сокулуктун Ат-Башы айылынан Лесное айылына мектепке чыккан автобусту артынан келе жаткан GoBus маршруткасы сүзгөн. Автобустун ичинде 1-4-класстын окуучулары бар экени белгилүү болгон. Натыйжада ар кандай жаракаты менен №3 ооруканага 27 бала түшүп, үчөө ошол эле күнү үйүнө кайткан. Андан кийин дагы 15 окуучу чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12275