Кумтөргө жумушка орноштурууну убадалап, 80 миң сом алган. Шектүү кармалды
RU

Кумтөргө жумушка орноштурууну убадалап, 80 миң сом алган. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө Кумтөргө жумушка орноштурууну убадалап, 80 миң сомго алдап кеткен жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, шектүү кармалып, күнөөсүн моюнга алды.

Апрель айынын аягында Балыкчы ШИИБге 30 жаштагы келин кайрылган. Айтымында, 2022-жылдын ноябрь айында Кайрат аттуу чоочун адам ишенимине кирип, өмүрлүк жолдошун Кумтөргө жумушка орноштурууну убада кылган. 80 миң сом алгандан кийин изин жазгырып кеткен.

Аталган арыздын негизинде 209-берене (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын кызматкерлери тарабынан шектүү колго түшүрүлдү, ал Кара-Ой айылынын 41 жаштагы тургуну К.М. экени такталды. Кармалган жаран алдын ала жүргүзүлгөн суракта, жасаган кылмышы боюнча күнөөсүн толугу менен моюнга алды.

Шаардык соттун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Балыкчы ШИИБи шектүүдөн жабыркагандар болсо кабар берүүнү өтүнөт. Байланыш номерлери: 0703-56-18-92, 0704-80-99-88, (03944) 3-27-15 жана 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12280